Москва бул машыгууну Сирия маселеси боюнча чыңалуу күчөгөн учурда өткөргөнү турат.
Коргоо министрлигинин бүгүнкү жарыясына караганда, 1-8-сентябрда боло турган машыгууларга 25 аскердик кеме, 30тай аскердик учак тартылат.
Москва деңиздеги машыгуу тууралуу Сириянын армиясы Идлиб провинциясында “антитеррордук” деп мүнөздөлгөн ири операцияга даярданып жаткан учурда билдирди.
АКШ, Британия жана Франция эки күн мурда БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Сириянын бийлигин Идлибге чабуул коюу учурунда химиялык курал колдонбоого чакырып, эгер андай курал колдонулса ага Батыш чара көрөрүн эскертишкен.
Мындай эскертүүлөргө БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш да кошулуп, “химиялык куралдын колдонулушу таптакыр жол берүүгө болбой турган” нерсе экенин белгиледи.
Орусия болсо өз кезегинде Батыш өлкөлөрүн Идлиб операциясына кийлигишпөөгө үндөп, Сирияга сокку уруу максатында Жакынкы Чыгышта өз күчтөрүн чыңдап жатканы үчүн Кошмо Штаттарды айыптады.
Бирок мындай дооматтарды Пентагон четке какты. Улуттар Уюмунун эсебинде, Идлибге коюла турган чабуулдан 700 миңге жакын сириялык үй-жайынан качууга аргасыз болуу коркунучу бар. (UE)