Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

Алмазбек Атамбаев аянттагы эгемендик майрамына катышпайт


Алмазбек Атамбаев. Эк-президент Курман айт майрамында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барган. 21-август, 2018-жыл.
Алмазбек Атамбаев. Эк-президент Курман айт майрамында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барган. 21-август, 2018-жыл.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев 31-августта Бишкек шаарынын борбордук аянтында эгемендиктин 27 жылдыгын майрамдоого катышпайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Ал муну мурдагы мамлекет башчысынын ден соолугу жол бербегени менен түшүндүрдү:

- Алмазбек Шаршенович Атамбаев ден соолугуна байланыштуу 31-август - Эгемендүүлүк күнүн үй-бүлөсү менен белгилейт. Тилекке каршы, жакында кармаган оорусу Алмазбек Шаршеновичке Ала-Тоо аянтында өтө турган расмий иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк бербейт. Анткени жакында анын радикулит оорусу кармап калды. Ошондон улам адистер ага узакка созулган иш-чараларга катышпай кое турууну сунуш кылышкан, - деди Жолдубаева.

Ал эми мурдагы президент Роза Отунбаева майрамдык иш-чараларга келе турганын “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунун жетекчиси Доктургүл Кендирбаева ырастады.

Президенттин аппараты мурдараак эгемендикти белгилөө боюнча расмий иш-чараларга өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылганын кабарлаган. 31-августтагы иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды өлкөнүн эгемендүүлүк күнү менен Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында куттуктайт.

Маалым болгондой, Атамбаев буга чейин расмий чакырылганына карабай апрель окуяларын эскерүү салтанатына да келген эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG