Таласта апрель ынкылабында, Баткен коогалаңында жана Чернобыль апаатында шейит болгондордун урматына эстелик орнотулду. Бакай-Ата районундагы маданият үйүнүн алдында тургузулган эстеликтин ачылышы 30-август күнү болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Амантур Жамгырчиев билдирди.
Маалыматка ылайык, мемориалдык комплекс орнотуу демилгеси 7-апрелде жарадар болгон жарандарга таандык. Аны тургузууга жалпысынан 500 миң сом каражат жумшалды.
“Мындай иш-чаралардын максаты - кайгылуу окуяларда курман болгондорду унутта калтырбоо”, - деди Жамгырчиев.
2010-жылы 6-апрелде Таласта, 7-апрелде Бишкекте эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан. Куралсыз элге ок атылып, 80ден ашык киши окко учкан. Жүздөн ашуун адам жарадар болгон. Бийликтен кулатылган президент үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.
“Баткен окуясы” 1999-2000-жылдары болгон. Баткен облусунун Зардалы, Кожо Ашкан айылдарына экстремисттик топтордун куралчан өкүлдөрү кирген. Алар менен кармашта Кыргызстандын 54 жоокери окко учкан.
Ал эми “Чернобыль апааты” 1986-жылы 26-апрелге караган түнү болгон. Украинадагы Чернобыль АЭСиндеги жарылуудан эбегейсиз радиоактивдүү материал абага тараган. Жети миллион адам жашаган 155 миң чарчы чакырым жер радиацияга булганган. Жарылуудан отуздай киши курман болгон, миңдеген киши жабыр тарткан. Бул кырсыкты басууга Кыргызстандан төрт миңге чукул аскер катышкан. Апаатка катышкандар жана алардын балдары ошол кырсыктын кесепеттерин тартып келет. (ErN/AlS)