Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Атамбаев: "Кыргызстан мамлекет боло албайт" дегендердин үмүтүн таш капты

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды өлкөнүн эгемендик майрамы менен куттуктаган кайрылуусун таратты.

Анда Атамбаев 27 жыл аралыгында Кыргызстан көптөгөн кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабастан өнүгүү жолунда келатканын белгилеп, "көйгөйлөр арбын болгону менен сыймыктана турган иштерибиз да бар" деди.

«Тышкы саясат жаатында да позициябыз чыңдалды. Кыргызстан дүйнөнүн кайсы өлкөсү болбосун, тең ата сүйлөшө ала турган, өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын эл аралык аренада бекем коргой ала турган өлкөгө айланды» - деп жазылат экс-президенттин куттуктоосунда.

31-августта Кыргызстандын эгемендик алганына 27 жыл толду.

Бул күнгө байланыштуу баш калаадагы салтанатка президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу катыша албай турганын алдын ала билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG