Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:55

Баткендеги эгемендүүлүк майрамына коңшу өлкөнүн бийлик өкүлдөрү келишти


Баткен.

Баткен шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн салтанатка Өзбекстандын Сох районунун акими Фарух Усаров жана Тажикстандын Исфара шаарынын төрагасы Сиджоудин Саломзода келип куттукташты.

Аймактагы «Азаттыктын» кабарчысынын билдиргени, быйыл майрамдык салтанатка эл мурдагы жылдарга караганда аз келди.

31-августта Кыргызстандын эгемендик алганына 27 жыл толду. Буга байланыштуу бардык аймактарда бүгүн майрамдык иш-чаралар белгиленип жатат.

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чаралар болот, салтанат саат 10:00дө расмий ачылды. Шаардын бардык райондорунда оюн-зооктор, концерттер, улуттук оюндар уюштурулду. (TSh)

XS
SM
MD
LG