Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:54

Кытай ишкерлери Ташкентте велосипед заводун курат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай инвесторлору Өзбекстандын Ташкент облусунда ири велосипед заводун курат. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары кабарлоодо.

Долбоордун баасы 80 миллион доллар. Ал эми өндүрүм экспорту 260 миллион доллар болору күтүлүүдө. 29-августта долбоор менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев таанышып чыкканын жана өзгөчө кызыгуусу жаралганын жазышты.

Мирзиёев велосипед өндүрүшүн көбөйтүү, веложолдорду салуу зарылдыгын белгилеген.

"Бул ден соолукту чыңдайт. Биздин эл машинеде эле жүрбөй, кээде велосипед тепсе жакшы болмок. Велосипед тебүү жүрөктүн иштешин жакшыртат, өмүрдү узартат. Мындан улам бул ишкананы иштетүүнү тездетүү керек", – деген президент.

Маалыматтарга караганда, ишкананын курулушу быйыл октябрда башталат.

XS
SM
MD
LG