АКШ менен Орусиянын президенттери жыл аягына чейин Сингапурда, Францияда жана Аргентинада өтөт турган үч саммитте тең жолугуша алышат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 31-августта "Известия" гезитине билдирди.
Ал Москва жолугушуулардын болушун каалай турганын, бирок "баары өз ара түшүнүшүүдөн көз каранды" экенин кошумчалаган.
11-ноябрда Парижде Биринчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 100 жылдыгы белгиленип, ага дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.
11-15-ноябрда Сингапурда Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн саммити өтөт.
Ал эми 30-ноябрга Буэнос-Айресте "Чоң жыйырманын" жыйыны белгиленген.
Орусия жана АКШ президенттери акыркы ирет 16-июлда Хелсинкиде жолугушкан. Эки өлкөнүн ортосунда мамиле Украинадагы кризистен тарта солгундап, "абдан начар", "кансыз согуш учурундагыдай" деп мүнөздөлүп келет.