Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:24

Ельциндин Путин жөнүндө пикирлери жарыяланды


Борис Ельцин жана Билл Клинтон. 20-март, 1997-жыл.
Борис Ельцин жана Билл Клинтон. 20-март, 1997-жыл.

Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин ордуна Владимир Путинди тандап жатып ага "демократ" катары баа бергени белгилүү болду. Ельцин бул сөздөрдү Кошмо Штаттардын ошо кездеги президенти Билл Клинтон менен сүйлөшүп жатканда айткан. Стенограмманын мазмуну Клинтондун китепканасынын сайтында жарыяланды.

Сүйлөшүүлөрдүн бири 1999-жылы 19-ноябрда болгон. Документтеги текстке караганда, Клинтон Орусиядагы 2000-жылкы президенттик шайлоодо ким жеңерин Ельцинден сурап жатат. "Путин, албетте. Ал менин мураскорум болот. Ал демократ жана Батышты билет" деп жооп узатат Ельцин. "Ал абдан акылдуу" дейт Клинтон. Ельцин "Катаал. Эрки күчтүү" деп жооп кайтарат да, Путиндин жеңиши үчүн мыйзамдын алкагында баарын жасай турганын айтат.

Андан мурда 1999-жылдын 8-сентябрындагы сүйлөшүүдө Ельцин мураскору катары Путинди тандаганын айтып берген. Өмүр баянын, кызыкчылыктарын жана тааныштарын иликтеп чыкканын, "ишенимдүү адам" экенин баса белгилейт.

"Ал өнөктөштөрү менен оңой эле жакшы мамиле түзө алат жана байланыш жолун табат" деген Ельцин Клинтон менен сүйлөшүп жатып.

1999-жылдын 31-декабрында Борис Ельцин президенттик кызматтан кеткенин жарыялаган. Ошол эле күнү премьер-министр Владимир Путин президенттин милдетин аткара баштайт. 2000-жылдын 26-мартында бул кызматка шайланган.

XS
SM
MD
LG