Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Шыкмаматов: Гуревичтин айткандары парламентте көтөрүлөт


Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн финансылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревичтин айткандары боюнча парламентте маселе көтөрүлөт.

Бул тууралуу парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди. Депутат 2015-жылдары прокуратуранын кайсы кызматкерлери Гуревич менен жолугушууга барганы суроо жаратканын белгиледи.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин алардын финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич “Азаттык” менен маегинде билдирген. Анда Гуревич 2015-жылы Кыргызстандын прокуратурасынын өкүлдөрү Алабамага келип, аны менен жолукканын дагы айтып берген. Бирок ал кыргыз бийлиги андан тышка чыгарыпып кеткен акча тууралуу эч кандай маалымат сураган эмес. (TSh)

XS
SM
MD
LG