Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:31

Жээнбеков: Биздин милдет өз оюн ачык айта алган муунду даярдоо


Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушундагы №96 мектептин ачылышына катышты.

Жээнбеков жаңы мектеп ак жолтой болуп, билим берген куттуу жайга айлансын деген каалоосун айтты. Ошондой эле окуучулардын татыктуу билим алуусу мугалимдерден көз каранды экенин белгиледи.

- Биздин негизги милдетибиз — сапаттуу билим, келечектүү жаштар жана бийик адамдык касиетке ээ болгон, эркин жана өз оюн так жана ачык айта алган жаңы муунду даярдоо. Ар бир баланын таланты, шыгы жана өнөрү жакшы тарбия жана мыкты билим бергенде гана ачылат. Ошондуктан, педагог-тарбиячылар, ата-энелер биргелешип, жаңы муунду тарбиялоо жоопкерчилигин татыктуу жүзөгө ашырууга тийиш, - деди мамлекет башчы.

Президент жаңы мектепке окуу китептерин, мултимедиялык жана керектүү спорт жабдыктарын сатып алуу үчүн 300 миң сомдук сертификат тапшырды. Ак-Ордо конушундагы №96 мектеп 960 окуучуга ылайыкталган.

Билим күнүндө өлкө боюнча 27 жаңы мектеп пайдаланууга берилип жатат. Жыл аягына чейин дагы 52 жаңы мектеп окуучуларды кабыл алат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (19)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG