Бишкекте жарандык активисттер бийлик бутактарындагы реформаларды талап кылган жыйын өткөрөт. Уюштуруучулардын бири Адил Турдукулов жыйынды өткөрүү күз айларына пландалып жатканын «Азаттык» радиосуна билдирди.
- Форумду жазында өткөрүүнү пландаганбыз. Бирок саясатчылар, жарандык активисттер жаңы бийликке убакыт бериши керек деп айтышкан. Курултай же форум деп айтылабы чоң жыйынды эми күзүндө өткөрөлү деп турабыз. Сооронбай Жээнбековду чакырып, талаптарыбызды айтабыз. Айрым аткарылбай жаткан маселелерде колдоп берүүгө даяр экенибизди, ушундай саясий күч барын бийликке да, элге да көрсөтүү максатында жыйын өткөрөбүз.
Уюштуруучулар ушул жылдын жаз айында курултай өткөрүп, ага чет мамлекеттерде качып жүргөн мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди да чакыра турганын билдиришкен. Андагы жыйында коррупцияга каршы күрөш, "саясий туткундарды" бошотуу, сөз эркиндигине кысымды токтотуу маселеси көтөрүлмөк. (TSh)