Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:57

Ошто Өзбекстан каржылаган мектеп ачылды

Алишер Навои атындагы мектеп. Ош
Алишер Навои атындагы мектеп. Ош

Өзбек бийлигинин каржылоосу менен Алишер Навои атындагы №18 мектеп гимназиясына кошумча курулган 630 орундуу имарат толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Мектептин окуу эмеректери жана башка керектүү жабдыктарды Өзбекстан каржылап алып берген.

Аталган мектеп 1936-жылы курулган. Анын эскилиги жетип, пайдаланууга жараксыз деп табылган.

Кийин Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык макулдашуусуна ылайык мектеп гимназиясына кошумча 630 орундуу окуу имаратынын курулушу башталган. (MdN/TSh)

XS
SM
MD
LG