Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Бешинчи класстын окуу программасы өзгөрөт


2018-жылдын 1-сентябрынан тарта өлкөдөгү 5-класстын окуу программасы өзгөрөт. Алар эми компьютердик технология, адам жана коом аттуу сабактарды окуп баштайт. Мурда бул предметтер жогорку класстарда гана окутулчу.

Бул жаңылыктын максаты - балдарды эрте жашынан заман талабына жараша окутуу экенин билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова “Азаттыкка” билдирди.

Ошондой эле быйыл окуу китептерин ижарага берүү системасы да башталганы турат. Мындай ыкма менен түшкөн каражатка окуу китептерин жаңыртуу пландалууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG