Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Эрдоган Кыргызстан менен соода алакасын жакшыртуу керектигин айтты


Президент Сооронбай Жээнбеков менен Түркия мамлекетинин башчысы өзүнчө сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.

Андан кийин Жээнбеков кыргыз-түрк алакасынын жаңы багыттары жана аны жогорку деңгээлге чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн кеңейтилген жыйында билдирди.

Эрдоган эки өлкө соода алакасын жакшыртууга басым жасашы керектигин белгиледи. Авиа каттамдардын санын көбөйтүүгө, аэропортторду оңдоого түрк тарап жардам бере турганын айтты.

Түрк лидери 2016-жылдагы окуяга байланыштуу мамиле начарлап кеткен учурга кайра кайрылып келбөөгө ниет кыларын билдирди.

Жолугушууда кийинки Көчмөндөр оюндары Түркияда өтөрү белгилүү болду.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган эки күндүк расмий визит менен Кыргызстанга келди. Ал 2-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине, 3-сентябрда — Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин VI жыйынына катышат. (KJ/TSh)

XS
SM
MD
LG