Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:33

Жээнбеков: Көчмөндөр цивилизациясы миңдеген жылдык тарыхты камтыйт


Сооронбай Жээнбеков III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий ачылышында.
Сооронбай Жээнбеков III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий ачылышында.

Ысык-Көлдө 2-сентябрь күнү кечинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий ачылып, спортчулар эл алдынан өтүштү. Быйылкы оюндарга 77 өлкөдөн үч миңден ашык спортчу келди.

- Бүгүн дүйнөдөгү саясий, экономикалык, экологиялык жана маданий процесстердин темпи тездеди. Технологиялар ыкчамдык менен өзгөрүүдө. Бул көрүнүштөр адамзаттын алдында жетишкендиктер менен катар жаңы көйгөйлөрдү жаратты. Ушундай шартта көчмөн элдердин дөөлөтүн, мурасын, каада-салтын жандандыруу — зор мааниге ээ. Ал дүйнө элдеринин ынтымагын бекемдеп, гуманизмдин идеалдарын жайылтууга, табиятка, адам коомуна болгон мамилени өзгөртүүгө негиз боло алат. Көчмөндөр цивилизациясы — дээрлик миңдеген жылдык тарыхты камтыйт, - деди Сооронбай Жээнбеков III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндар нын ачылышында сүйлөп жатып.

Оюндун ачылышына жогорку мартабалуу коноктордон Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Татарстандын президенти Рустам Минниханов катышты. Мындан тышкары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Бириккен Араб Эмирлигине караштуу Фужейра эмирлигинин мураскер канзаадасы, шейх Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Ал-Шарки да Кыргызстанга келишти.

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:04 0:00

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин өтөт. Ага 77 өлкө катышып, спорттун 37 түрү боюнча үч миңден ашык спортчу таймашат. Көчмөндөр оюндары “Күч биримдиги-рух биримдиги” аттуу ураандын алдында өтүп жатат. Быйылкы оюндардын жалпы байге фонду 28 млн. сом деп белгиленди. Бир жумага созулган оюндарда бардыгы болуп 594 медаль (174 алтын, 173 күмүш, 247 коло) ойнотулат.

Кыргызстан Көчмөндөр оюндарын 2014-жылы биринчи жолу өткөргөн. Ага 19 өлкөдөн 583 спортчу катышкан. Мелдештер этноспорттун 10 түрү боюнча өткөрүлгөн.

Ал эми 2016-жылы экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына 62 өлкөнүн 1200 спортчусу катышкан. Мелдештер этноспорттун 26 түрү боюнча өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG