Кыргызстан кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү миссиясын Түркияга өткөрүп берди. 2-сентябрдын кечинде Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков келээрки иш-чара Түркияда болоорун расмий билдирди. Ал түрк президенти Режеп Тайип Эрдоганга оюндарды ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады.
1-сентябрда Бишкектеги сапары маалында Эрдоган
төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда жогорку деңгээлде өтөөрүн айткан.
2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин Кыргызстан оюндардын кезегин Түркияга өткөрүп бере турганы кабарланган. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Түркияны сындагандан кийин Анкара оюн өткөрүүдөн баш тартып койгону айтылган.
Иш-чара 2014-жылдан бери эки жылда бир жолу Кыргызстанда өтүп келе жатат. 2-сентябрда ачылган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. Оюндар Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда өтөт. (NT)