Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Ысык-Көлдө Түрк тилдүү мамлекеттердин алтынчы саммити болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында бүгүн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши уюмунун алтынчы саммити башталат.

Расмий маалыматка караганда, саммит Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азербайжан президенттеринин катышуусунда өтөт. Президент Сооронбай Жээнбеков 2-сентябрда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачып жатып саммитке Өзбекстандын жетекчиси да катышаары күтүлүп жатканын билдирди.

1-2-сентябрда түрк жана казак президенттери Кыргызстанга келип, саммиттин алдында болгон үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

3-сентябрга караган түнү азери президенти Илхам Алиев да келди.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши уюмунун саммити Бишкекте 2016-жылы өтүшү керек эле. Бирок белгисиз себеп менен кийинкиге жылган.

2009-жылы түзүлгөн бул уюм түрк тилдүү мамлекеттердин башын бириктирет. Уюмга төрт өлкө - Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркия мүчө. Быйыл уюмга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG