Сенатор Жон Маккейндин сөөгү 2-сентябрда АКШнын Мэриленд штатынын Аннаполис шаарындагы бир кезде өзү окуган аскердик академиянын көрүстөнүнө коюлду.
Саясатчы 81 жашында 26-августка караган түнү көз жумган. Маккейн акыркы жылдары мээсиндеги шишиктен жабыркап, дарыланып келген. Ага 2017-жылдын июнь айында мээ шишигинин эң оор түрү саналган глиобластома диагнозу коюлган.
Аны менен коштошуу зыйнатына президент Дональд Трамп чакырылган эмес. Ал бир жумадан бери өтүп жаткан Маккейндин тажиясына жана аза күтүүгө катышкан жок. Трамп менен Маккейн Республикачылар партиясына мүчө, партиялаш болгонуна карабастан Сирия, Орусия, Кытайга карата мамиле жана башка бир катар иштер боюнча карама-каршы көз карашты карманып, ачык кайым айтышып келген.
Өткөн аптада Вашингтондо өткөн тажияга экс-президенттер Билл Клинтон, Жорж Буш, Барак Обама катышып, Маккейндин Америка тарыхындагы зор ролу, таасири тууралуу сөз сүйлөштү.
Маккейн Кремль менен Орусия президенти Владимир Путиндин саясатынын оппоненти болгон.