Венгрия тилин жана маданиятын сактоо үчүн түрк тилдүү өлкөлөр менен кызматташат. Бул тууралуу 3-сентябрда Чолпон-Атада өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешининин жыйынына байкоочу катары катышып жаткан Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан билдирди.
Анын айтымында, Венгрия Европада жайгашып, НАТОнун мүчөсү болгону менен чыгыштагы мамлекеттер менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар.
"Глобалдашкан дүйнөдө Венгрия өз тилин жана маданиятын сактап калууга аракеттенет. Өз түбүбүздү жакшы билебиз, XXI кылымда ушул сыяктуу мамлекет болуп, улуттук өзгөчөлүгүбүз менен сыймыктаныбыз. Бул чындык. Батыш бул чындыкты кабыл албайт. Бирок буга карабай түрк тилдүү мамлекеттер менен жакындыгыбызга сыймыктанабыз", - деди Орбан.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга сапар менен 2-сентябрда келген. Ал Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты. 4-сентябрда кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөрү күтүлүүдө.
3-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити башталды. Бул ирет Өзбекстан уюмга расмий түрдө кошулушу ыктымалдыгы да айтылууда. Венгрияга Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешине байкоочу өлкө деген макам берилери кабарланган.
Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити 2010-жылы расмий түрдө ишин баштаган. Ага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчө. (BkA)