Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

ДКО-2018: Кытай көкбөрү таймаштарына катышпайт


Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көкбөрү мелдештерине Кытай командасы катышпайт. Кыргызстандын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматына караганда, кытайлык оюнчулар өз убагында каттоодон өткөн эмес.

Көкбөрүчүлөр тайпалык оюндарда төмөнкү тартипте күч сынашат:

A: Кыргызстан, Алтай, Монголия.

B: Москва, Ооганстан (бул тайпага Кытай кошулмак).

С: Казакстан, АКШ, Красноярск.

D: Башкыртыстан, Франция, Өзбекстан.

Тайпалык оюнда жеңгендер жарым финалга чыгышат.

3-сентябрда кыргызстандык көкбөрүчүлөр монголиялык атаандаштарын 29:5 эсебинде жеңди.

2-сентябрда башталган Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда 8-сентябрга чейин уланат. Ага 70ке жакын өлкөдөн үч миңге жакын спортчу катышууда. Алар спорттун бир канча улуттук түрлөрүнөн күч сынашат.

Жалпысынан 594 медал ойнолот. Анын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло. Жалпы байге фонду 28 миллион сом деп бекитилген.

XS
SM
MD
LG