Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:21

Пакистан АКШ менен аскерий төлөмдүн токтотулуусун талкуулайт


Махмуд Куреши.

Бул тууралуу Пакистандын тышкы иштер министри Махмуд Куреши билдирди. Анын айтымында, расмий Исламабад Вашингтондун Пакистанга 300 миллион долларлык аскерий төлөмдү кыскартуу чечимин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен сүйлөшүүлөрдө талкуулайт.

Помпео жана АКШ куралдуу күчтөрүндөгү штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрөгасы, генерал Жозеф Данфорд Пакистан борборуна 5-сентябрда келгени жатат.

Пакистан дипломатиясынын башчысы Махмуд Куреши 300 миллион доллар, АКШ мүнөздөгөндөй, “жардам” эместигине, Исламабад терроризмге каршы күрөштө буга чейин сарптаган каражатты АКШ төлөп берүүсү экенине көңүл бурду.

АКШ Пакистанга анын согушкерлерге каршы аракетинде жылыш жоктугунан улам 300 миллион долларлык жардамды кыскартарын 1-сентябрда жарыялаган. Ага чейин быйылкы жылдын башында да Конгресс Пакистанга 500 миллион доллар ажыратылуусун токтотуп койгон.

Президент Дональд Трамп мурда Пакистанды АКШ Ооганстанда изине түшкөн "террорчуларга башпаанек бергени үчүн" кескин сынга алган. Исламабад өз кезегинде АКШнын мындай айыптоолорун четке кагып келет. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG