Ысык-Көл аймагында өтүп жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз спортчулары тажик күрөшүнөн үч байге алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" кыргыз улуттук классикалык күрөшү боюнча башкы машыктыруучу Айыпхан Миңбаев билдирди. Анын айтымында, тажик күрөшүнөн 28 өлкөнүн балбандары күч сынашып жатат.
Кыргыз балбандарынан 68 килограмм салмакта Абдырасул уулу Марлен алтын, 82 килограммда Аманилла уулу Шерипбай күмүш, 82 килограммдан жогорку салмакта Кайратбек Тойчиев коло байге алышты.
Түркмөнстандык балбандарда да 1 алтын, 1 күмүш, 1 коло бар. Орусиялыктар 1 алтын, 1 коло байгеге ээ болду. Таймаштар уланууда.
2-сентябрда башталган Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда 8-сентябрга чейин уланат. Ага 70ке жакын өлкөдөн үч миңге жакын спортчу катышууда. Алар спорттун бир канча улуттук түрлөрүнөн күч сынашат.
Жалпысынан 594 медал ойнолот. Анын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло. Жалпы байге фонду 28 миллион сом деп бекитилген. (AsM)