Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

ДКО-2018: казак көкбөрүчүлөрү таймашка келген жок


Кыргызстан-Монголия беттеши. 3-сентябрь, 2018-жыл.
Кыргызстан-Монголия беттеши. 3-сентябрь, 2018-жыл.

Казакстандын Көкбөрү командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы таймашка келген жок жана мунун чоо-жайы түшүндүрүлө элек.

Казактар 3-сентябрда саат 12:30да Орусиянын Красноярск командасы менен беттешмек. Бирок казакстандык улакчылар келген жок.

Кыргызстандын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда казак оюнчулары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Айрым маалымат каражаттары Казакстандын көкбөрүчүлөрү оюндан чыкканын жазган, бирок бул маалымат расмий бышыкталган жок.

Мурдараак көкбөрү мелдештерине Кытай командасы катышпай турганы маалым болгон. Расмий кабарга ылайык, кытай оюнчулары өз убагында каттоодон өткөн эмес.

Көкбөрүчүлөр тайпалык оюндарда төмөнкү тартипте күч сынашары айтылган:

A: Кыргызстан, Алтай, Монголия.

B: Москва, Ооганстан (бул тайпага Кытай кошулмак).

С: Казакстан, АКШ, Красноярск.

D: Башкыртыстан, Франция, Өзбекстан.

Тайпалык оюнда жеңгендер жарым финалга чыгышат.

3-сентябрда кыргызстандык көкбөрүчүлөр монголиялык атаандаштарын 29:5 эсебинде жеңди.

2-сентябрда башталган Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда 8-сентябрга чейин уланат. Ага жетимиштей өлкөдөн үч миңге жакын спортчу катышууда. Алар спорттун бир канча улуттук түрлөрүнөн күч сынашат.

Жалпысынан 594 медал ойнолот. Анын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло. Жалпы байге фонду 28 миллион сом деп бекитилген. (SDz)

XS
SM
MD
LG