Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Ирандын риалы кайрадан наркын жоготту


Риалдын куну кетишине байланыштуу Тегерандагы нааразылык. 25-июнь, 2018-жыл.
Риалдын куну кетишине байланыштуу Тегерандагы нааразылык. 25-июнь, 2018-жыл.

Тегерандан келген маалыматтарга караганда, Ирандын улуттук акчасы риалдын америкалык долларга алмашуу курсу акыркы үч күндө эле көмүскө базарда 15% түшүп кетти. Натыйжада 3-сентябрда бир америкалык доллар 128 500 риалга сатылган.

Риалдын кунунун кетишинин бул жолку баскычынын алдында, 1-сентябрда Ирандын Борбордук банкынын башчысы Абдулнасир Химмати өлкөнүн чет элдик валюта корун колдонууда чектөөлөр киргизилерин жарыялаган. Бул өз кезегинде валюта таңкыстыгы күчөйбү деген кооптонууларды жараткан.

Ирандын улуттук акачасынын алсырашы - негизинен өлкөнүн ички экономикалык көйгөйлөрүнө жана калк арасында акыркы айларда долларга суроо-талап күчөгөнүнө байланыштуу.

Элден долларга суроо-талап АКШнын экономикалык санкцияларынан улам Ирандын экспорту кыскарабы деген кооптонуулардан улам күчөгөндөй. Ирандын улуттук акчасы акыркы бир жылдан бери 70% кунун жоготту.

АКШ Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы келишимден чыгып кеткенине байланыштуу Вашингтондун Тегеранга каршы экономикалык санкциялары баскыч-баскыч менен калыбына келүүдө.

Санкциялардын август айынын башына тарта калыбына келген алгачкы баскычы Ирандын автоунаа секторун, алтын жана башка металлдар менен соодасын бутага алды. Ал эми 6-ноябрдан тартып күчкө кирүүчү кийинки баскычы Ирандын мунай секторуна, Борбордук банктын акча которуу жолдоруна каршы багытталат.

Америкалык расмий өкүлдөр, ошондой эле алар алдыда башка мамлекеттер Ирандан мунай импорттоосун “нөлгө” түшүрүү багытында иш жүргүзөрүн билдиришкен. Иран бийликтери болсо мындай такыр мүмкүн эместигин айтышкан.

Президент Дональд Трамп быйыл майда өз өлкөсү андан чыкканын жарыялаганда, Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген. (UE)

XS
SM
MD
LG