Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:39

Ооганстанда АКШнын аскери мерт болду


АКШнын жана Ооганстандын аскерлери. Нангархар провинциясы, 7-июль, 2018-жыл.

НАТО күчтөрүнүн жаңы кол башчысы, америкалык генерал Скотт Миллер 3-сентябрдагы кандуу окуяны “трагедиялык жоготуу” деп атады.

Командачылыктын билдирүүсүнө караганда, аскер кызматчы “ички кол салуудан” каза тапкандай. Бул - быйылкы жылы АКШнын Ооганстанда алтынчы аскерин жоготушу. Кол салуудан дагы бир аскер жаракат алган. “Ички кол салуу” дегенде ооган коопсуздук күчтөрүнүн мүчөсү же оогандардын аскерий формасын кийип алган адам коалициялык күчтөргө ок аткан учурлар эске алынат. Акыркы жылдары мындай көрүнүштөр негизи азайып калган.

Эки ай мурда Урузган провинциясында ооган жоокери АКШнын бир аскерий машыктыруучусун атып өлтүрүп, экөөн жарадар кылган.

Азыр Ооганстанда НАТОнун “Чечкиндүү колдоо” миссиясынын алкагында 14 миңдей америкалык жоокер бар. (UE)

XS
SM
MD
LG