Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Жапония: тайфун коркунучунан улам 500дөн ашык аба каттамдар токтотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жапонияда "Жеби" деп аталган тайфун өлкөнүн батыш жээктерине жакындоодо. Буга байланыштуу авиакомпаниялар ички рейстерди убактылуу токтотушканын "Итар-Тасс" Эн-эйч-
кей (NHK) телеканалына шилтеме берип жазды.

Тайфун коркунучу өлкөнүн батышында бир нече темир жол каттамдарынын да убактылуу токтошуна алып келди.

"Жеби" быйыл Тынч океанында пайда болгон 21-тропикалык катуу тайфун. Жапониянын Улуттук метеорология башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда шамалдын ылдамдыгы секундасына 45-60 метрди түзүүдө. Жапониянын жээктерине ал күндүн экинчи жарымында жетет деген божомол бар. Синоптиктер өлкө батышында катуу жаан-чачын болорун эскертүүдө.

Ошондой эле акыркы 25 жылдагы эң катуу тайфун болоору болжолдонуп жатат. Бул кырдаалга байланыштуу жапон өкмөтү жергиликтүү бийлик менен куткаруучулардын ишин координациялоо максатында кризистик штаб түздү.

Акыркы эки айда Жапонияда бир нече жолу катуу тайфун болгон. Июлдун башында "Прапирун" деп аталган тропикалык тайфун 220дан ашык кишинин өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG