Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Бүгүн Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоору боюнча кайрадан сынак өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин жетекчиси Бакыт Шаршембиев "Азаттыкка" билдиргендей, "Коопсуз шаар" долбоору боюнча ачык сынак саат 15.00дө болот. Шаршембиев бул ирет онлайн-аукцион "үзгүлтүккө учурабайт жана мурдагы мүчүлүштүктөр оңдолду" деп ишендирди.

Долбоорду ишке ашырчу компанияны тандоо боюнча 23-августтагы онлайн-аукцион үзгүлтүккө учураган. Буга аукцион өтүп жаткан Мамлекеттик сатып алуу порталынын онлайн системасы бузулганы жүйө келтирилген.

Натыйжада 27-августта кайрадан тендер жарыяланып, анын убактысы 4-сентябрга белгиленген.

Журналисттердин көз алдында система алгач аукциондун жыйынтыгын чыгарып, 50,5 млрд. сом сунуш кылган "Мегалайн" фирмасын жеңүүчү деп тапкан. Ал эми “Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга 2,5 млрд. сомго тендер жарыяланганы белгилүү. Мамлекеттик сатып алуулар департаменти автоматтык система бузулуп, туура эмес эсептегенин жарыялаган.

Ушуну менен менен “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төрт жолу тендер өтпөй, бешинчи жолу жарыяланды.

Өкмөттүн коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылууну көздөгөн "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу аракети бир нече жылдан бери аткарылбай келет. Буга чейин үч жолу сынак өтүп, Кытайдын жана Орусиянын компаниялары утканы айтылган, бирок иш андан ары ордунан жылган эмес. Тараптардын талаш-тартышы сотко чейин жеткен. (NT)

XS
SM
MD
LG