Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:45

Козголбогон “Коопсуз шаар”


Бишкек.

Алты жылдан бери ар бир өкмөт ишке ашырууга убада берген "Коопсуз шаар" долбоору дагы бир үзгүлтүккө учурады.

Долбоорду ишке ашырчу компанияны тандоо боюнча 23-августтагы онлайн-аукцион өтпөй калды деп табылды. Тендердик комиссиянын маалыматы боюнча, мындай кырдаалга техникалык каталар себеп болгонун Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуу департаментинин башчысы Улан Өзүмбеков түшүндүрдү:

- Бүгүнкү күнгө чейин биздин портал аркылуу 318 сынак өткөрүлгөн. Анын ичинде 1119 лот бар болчу. Башкача айтканда, сынактар “бааларды төмөндөтүү ыкмасы” менен өткөрүлөт. Бул ыкма өзү автоматтык түрдө иштейт жана ага эч ким кирише албайт. Мыйзам чегинде бардык тендерге кеминде үч компания катышууга тийиш болсо “Коопсуз шаар” боюнча тендерге үч компания катышкан. Алардын бири “Мегалайн” компаниясынын суммасы тендерде көрсөтүлгөн суммадан көп болуп чыкты. Муну автоматтык система тендерди бузуу аракети катары эсептеп, ошолордун суммасын гана ачыкка чыгарып койгон. Система калган эки фирма сунуш кылган сумманы көрсөтпөй, купуя түрдө сактаган. Натыйжада тендердин катышуучулары экөө эле болуп жатканы үчүн аукцион аягына чыккан жок.

Тендердик комиссиянын мүчөлөрү "сынактын аягына чыкпай калышына хакерлик же сырттан кийлигишүү себеп болгон эмес" деп айтып жатышат. Бирок ошол эле учурда аукциондун жүрүшүндө эмне себептен "Мегалайн" компаниясы акылга сыйбаган сумманы сунуш кылып, үзгүлтүккө учуратканын да алар түшүндүрө алышкан жок. Бул боюнча "Мегалайн" ишканасы эч кандай комментарий бере элек.

Ошентип, учурдагы өкмөттүн бетине кармаган долбоор бул ирет да ишке ашпай калды. Эми өкмөт өкүлдөрү "Коопсуз шаар" боюнча кайрадан сынак жарыялап, тендер өткөргөнү жатышат.

Долбоорду ишке ашыруу милдети жүктөлгөн Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемировдун айтымында, экинчи конкурсту тез арада өткөрүү пландалууда:

- Тилекке каршы, конкурстук комиссия аукциондун жеңүүчүсүн аныктай алган жок. Буга байланыштуу конкурс кайрадан жарыяланат. Кийинки аукциондун так датасын жакын арада маалымдайбыз. Ал үчүн жаңы комиссия түзүлүп, конкурстун документациясын кайрадан иштеп чыгышы керек.

Бирок өкмөт өкүлдөрү "Кийинки аукцион да азыркыдай техникалык себептерден улам үзгүлтүккө учурабайбы?" деген суроого жооп бере алышкан жок.

Негизи "Коопсуз шаар" долбоору акыркы алты жылда ар бир өкмөттүн ишин, тагдырын аныктоочу көрсөткүчкө айлангандай. Алгач ирет аны 2012-жылы Өмүрбек Бабановдун өкмөтү ишке ашырууга белсенип, андан бери алты жолу сынак өтүп, бирок "багы ачылбай" келет.

Жол кырсыктары жана курмандыктары жыл өткөн сайын көбөйүп жаткан Кыргызстанда бул долбоорду ишке ашыруу ар бир келген өкмөттүн алдындагы негизги милдеттердин бирине айланды.

Азыркы премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү да бул долбоорду ишке ашырууга убада берип, быйыл жыл аягына чейин алгач Бишкек шаарындагы көчөлөрдө көзөмөл камералары орнотуларын жарыялаган.

Акыркы кырдаалдан соң Абылгазиевдин өкмөтүнүн убадасы аткарылары күмөн экени тууралуу пикирлер айтыла баштады.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев "Коопсуз шаардын" айланасындагы акыркы кырдаал учурдагы өкмөттүн деңгээли менен дараметин көрсөттү жана мындан аркы тагдырын да аныкташы мүмкүн деген пикирде:

Абдувахаб Нурбаев.
Абдувахаб Нурбаев.

- Сөзсүз түрдө жоопкерчилик болуш керек. Конкурстун өтпөй калганы техникалык себептен улам эмес, тиешелүү адамдардын шалаакылыгы. Өкмөт бетине кармап жаткан жалгыз гана "Коопсуз шаар" долбоору болуп жаткан. Эгер муну да кыла албаса, өкмөт алыска бара албайт. Күн сайын жол кырсыгынан канчалаган адамдар өлүп жатат. Адамдын өмүрүнөн кымбат эмне бар? Ушундай кырдаалда келгенине беш ай болгон өкмөт ишке ашыра албаса анын эмне кереги бар? Бул өкмөттүн тагдырын чече турган долбоор.

Ошол эле кезде эмне себептен "Коопсуз шаар" долбоорунун жолу катуу болуп, улам-улам өтпөй келет деген суроо туулат.

"Жаш ишкерлер ассоциациясынын башкармалык төрагасы Темирбек Ажыкулов долбоорду Кыргызстандын эгемендик жылдарында чуусу бүтпөгөн Кумтөр долбоору менен салыштырды. Ал долбоордун ишке ашпай жатканына маселенин ашкере саясатташканы жана мамлекеттик органдардын жоопкерсиз мамилени себеп катары көрөт:

- Президент баш болуп "жол кырсыктарын азайтыш керек" деп айтып, убада берди. Эгер ушул маселени чече албаса, өкмөттүн деңгээлин көрсөтөт. Бул жерде техникалык же укуктук маселе жок. Маселе башкаруудагы башаламандык, ашкере саясатташуу жана айрым органдардын жоопкерсиздиги. Бул долбоор экинчи "Кумтөргө" айланды.

Ал эми эксперт Сейтек Качкынбай долбоордун ишке ашпаганына жөндөмдүү жетекчилердин жетишей жатканынан көрөт:

Сейтек Качкынбай.
Сейтек Качкынбай.

- Ушул долбоорду ишке ашырам деген жетекчилер өзү "Коопсуз шаардын" маңызын түшүнбөйт. Анан кантип алар текшерип, көзөмөлдөй алат. Эгерде тиешелүү жетекчилер бул долбоорго күйбөсө кырдаал кайталана берет.

Кыргызстанда ири шаарларга жана кан жолдорго видеобайкоо орнотуу долбоору тууралуу маселе жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам утур-утур көтөрүлүп келет.

Акыркы он жылда өлкөдө 11 миңден ашык адам жол кырсыгынан каза болсо, алардын миңи балдар болгон. Жарандык коом өкүлдөрү бул көрсөткүч үзгүлтүксүз согуш жүрүп жаткан айрым өлкөлөрдөгү курмандыктардан да көп экенин эске салууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG