Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:28

Өкмөттүн жүз күндүк ишине баа


Өкмөттүн курамы Жогорку Кеңеште. 14-июнь, 2018-жыл

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын өкмөтүн жетектей баштагандан бери 100 күндөн ашты.

Ал баштаган өкмөт экономикалык жаңы көрсөткүчтөргө негиз түзө турган кадамдарды жасай алдыбы? Мурдагы өкмөттүн программалары эмне үчүн толук улантылган жок? Кадр саясатында өкмөттүн өз алдынчалыгы барбы? Жакынкы арада бул өкмөттөн прогрессивдүү жылыштарды күтсө болобу? Ушул ж.б.у.с. суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздөн жооп издедик. Талкууга экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев жана саясат таануучу Сейтек Качкынбай катышты.

"Азаттык”: Жумакадыр мырза, өкмөттүн негизги милдети экономика менен алектенүү эмеспи. Артта калган 100 күндө Абылгазиев баштаган өкмөттүн экономиканы көтөрүүгө өбөлгө түзө турган кайсы бир кадамдарын, аракеттерин, демилге-идеяларын белгилей алабызбы?

Жумакадыр Акенеев: Биринчиден, Абылгазиевдин өкмөтүн жаңы деп айтууга болбойт, болгону вице-премьер-министрлер эле алмашты, калганы баары өз ордунда калды. Бир эле экономика министри алмашкан. Экинчиден, мурдагы өкмөттүн долбоорлору да колдон келишинче улантылып жатат.

“Коопсуз шаар” долбооруна тендер жарыяланды, август айында өтүшү керек. Ошол эле “Түндүк” программасы боюнча иштер жүрүп атат, аны менен иштеген адистер кетип калгандыктан, кичине токтоп калгандай болду. Бул өкмөт “Мамлекеттик ипотека” деген долбоорго 300 миллион сом каражат таап, ишти токтотпоого аракет кылууда. Мурда ачылып, ишкерлерге жардам бере турган “Кепилдик фондуна” да 100 миллион сом кошумча каражатты өкмөт тапты. Ал эми биздин негизги тармактарыбыз болгон айыл чарбасындагы, жеңил өнөр жайындагы бүгүнкү өнүгүү ыргагынын өкмөттүн жүз күнү менен байланышы жок. Кумтөрдөгү иштер солгундап кеткенине байланыштуу акыркы алты айда жалпы өсүш 0, 1 пайызды гана түзүп калды. Анан дагы бир маселе - Орусиянын ири компаниялары менен чоң инвестициялык долбоорлор буюрса ишке ашканы турат. Жогорку Кеңеш күздө келип мыйзамдарды, тиешелүү документтерди колдоп берсе, атайын фонд түзүлгөнү жатат. Бул “жеке жана мамлекеттик шериктештик, өнөктөштүк” идеясынын негизинде ишке аша турган долбоорлор болот. Демилгени кыргыз-орус өкмөттөрү биргелешип ишке ашырганы жатат. Үлүштүк жагын айтсак, 51 пайызы Кыргызстандыкы болсо, 49 пайызы Орусияныкы болот. Бул максаттар ишке ашып калса, биздеги дыйкандарга арзан насыя, ипотеканы колдоого ж.б. ири долбоорлорго жардам берүүгө да каражат табылат.

“Азаттык”: Сейтек мырза, "мурдагы президент баштап, ошол кездеги өкмөт улантып жаткан “Таза коом” программасы азыркы өкмөттүн учурунда толук кеп болбой калды" деген пикирлер көп. Эгер ал чын болсо, анын себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Сейтек Качкынбай.
Сейтек Качкынбай.

Сейтек Качкынбай: Сөздүн ачыгы, азыркы өкмөт башчынын оозунан "мен “Таза коом” программасын улантам" деген так, ачык оюн уга элекбиз. Айрым маалыматтарда "азыркы өкмөт улантат" деп учкай айтыла калып жүрөт. Өкмөт башчынын кабинетине отуруп иш баштаганына 100 күндө ашып калса да, концептуалдуу маселелерди айтып: "Аларды качан, кантип чечебиз?" деген сөзүн деле укпадык. Жаңы жумуш баштагандагы укканыбыз - мамлекеттик аткаминерлерди он пайыз кыскартат болду. Эмне үчүн 13 пайыз же 32 пайыз кыскартууу болбойт? Ал деле түшүнүксүз. Анан “Таза коом” программасын эмне үчүн толук ишке ашыруу аракети болбой жатат деген суроо туулат. Менимче, азыркы премьер-министрдин алдында өзүнчө бир дилемма турат. “Эгер “Таза коомду” улантсам Сапар Исаковдун мураскору болуп каламбы? Менин өзгөчөлүгүм эмнеде болот?” деген курнамыс болуп жатат. Чындыгын айтканда “Таза коом” Сапар Исаковдун деле программасы эмес. Ага чейин эле бир топ либерал-демократ күчтөр бул программаны көтөрүп чыгышкан. Акыркы сегиз, он жылдан бери бул демилге көтөрүлүп келаткан болчу.

“Азаттык”: Өкмөт башчы Абылгазиев жакында Грузияга барганда ушул программага байланыштуу көп жолугушууларды өткөрдү. Аны “Таза коомду” ишке ашыруу ниети бар десек болбойбу?

Сейтек Качкынбай: Ал жактан келгенден кийин деле программаны “Таза коом” деп атабаса да "ушундай максаттарды ишке ашырабыз" деген маалыматты уккан жокпуз. Программаны азыркы өкмөт “Көк коом” деп атап алса деле болот. Кеп анын коомго алып келе турган натыйжасында болуп жатпайбы.

“Азаттык”: Жумакадыр мырза, бул өкмөт “Кумтөр” же болбосо “Жогорку Нарын каскады” деген ири долбоорлорду кайра кароо боюнча аракеттери эмне үчүн байкалбайт? Же андай чоң жоопкерчиликти Абылгазиев алгысы келбей жатабы?

Жумакадыр Акенеев.
Жумакадыр Акенеев.

Жумакадыр Акенеев: Кыргыз өкмөтү менен “Кумтөрдүн” ортосундагы акыркы келишимге Сапар Исаковдун мезгилинде 2017-жылы сентябрда кол коюлган. Азыркы өкмөт да бүгүн аны менен иштешкенге аргасыз болууда. Бирок Абылгазиевдин өкмөтү ал келишим менен макул эмес экенин билдирип келет. Жакында эксперттик коомчулук өкүлдөрү тегерек үстөл өткөрдүк, анда абдан чоң талкуу болду. Жыйынтыгында "Кумтөр" менен болгон акыркы келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына түп-тамырынан бери каршы келет” айттык. Азыркы өкмөт башчы “Центерра” компаниянын жетекчилиги менен жолукту, анда позициялар ачык айтылса керек. Бүгүнкү өкмөт “Кумтөр” менен түзүлгөн келишим Жогорку Кеңеш сентябрда келсе кайра каралышы керек" деп жатат. Буюрса бир айдын тегерегинде бул маселе боюнча чоң өзгөрүүлөр болуш керек....

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Өкмөттүн 100 күнү: Абылгазиевдин ишмердиги
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:40 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG