Казакстандын Актөбө облустук соту Өзбекстандын 52 жараны каза тапкан жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин 3-сентябрда карай баштады.
"Азаттыктын" казак кызматы жазып чыккандай, бул иш боюнча беш киши айыпталууда. Алар автобустун үч айдоочусу жана «Азия транзит сервис» фирмасынын эки өкүлү — негиздөөчүсү жана механиги.
Автобус айдоочулары Нуржан Кыргызбаев, Максат Пернебеков жана Барат Танатов 26-январдан бери Актөбөдөгү тергөө абагында отурушат. Фирма жетекчиси менен механиги эч кайда чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотулган. Автобустун ээсине эл аралык издөө жарыяланган.
Фирма башчысы "бузук транспортту пайдаланууга жол берген жана жалган документ жасаган" деп айыпталууда. Механик бузулган автобусту "каттамга чыгарган" деп күнөөлөнүп жатат.
Териштирүүгө Өзбекстандан жакындарын жоготкондор, Казакстандан айыпталуучулардын туугандары да келишти. Жараян казак тилинде өтүүдө. Жабырлануучу тарапка өзбек тилин билген котормочу чакыртылды.
Өзбекстан жарандары бараткан түшкөн автобус быйыл 18-январда Актөбө облусундагы Иргиз аймагындагы трассада өрттөнүп кетип, 52 киши каза болгон. Бешөө аман калган.
Укук коргоо органдарынын расмий маалыматында, өрт автобустун салонун каңдагыч лампа (паяльник) менен жылытуу учурунда чыкканы айтылган.