Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Пакистанда бүгүн жаңы президент шайланат


Башкаруучу “Техрик-и-Инсаф” партиясынан президенттикке талапкер Ариф Алви.
Башкаруучу “Техрик-и-Инсаф” партиясынан президенттикке талапкер Ариф Алви.

Пакистандын мыйзам чыгаруучулары 4-сентябрда жаңы президентти шайлоо үчүн добуш беришет. Анын жыйынтыгы июль айындагы парламенттик шайлоодо утуп, бийликке келген премьер-министр Имран Хан башында турган “Техрик-и-Инсаф” партиясынын бийлигин күчөтөт деп болжолдонууда. Пакистанда президентти парламенттин эки палатасы жана төрт провинциясынын ассамблеясы шайлайт, башкача айтканда, мамлекет башчы үчүн 1174 адам добуш берүү укугуна ээ.

Мамлекет башчылыкка үч талапкер ат салышууда. Башкаруучу “Техрик-и-Инсаф” партиясынан Ариф Алви, оппозициялык Элдик партиядан Чаудри Айтаз жана “Жамаат Улема Ислам" партиясынан Маулана Фазлур Рахман талапкерлигин койгон. Булардын ичинен премьер-министр Имран Хандын мурдатан келе жаткан өнөктөшү Ариф Алви утат деп айтылууда. 9-сентябрда беш жылдык кызмат мөөнөтү аяктап жаткан, июлдагы парламенттик шайлоодо утулуп калган "Пакистандын мусулмандар лигасы" партиясынын өкүлү Мамнун Хусейн экинчи мөөнөткө президенттикке коюудан баш тарткан.

Конституцияга 2010-жылы киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Пакистанда президенттин укуктары абдан эле чектелген.

XS
SM
MD
LG