Франциянын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы өзүнүн тарыхында биринчи жолу көкбөрү боюнча расмий оюн өткөрдү. Бүгүн, 4-сентябрда алар Башкырстан командасы менен ойноп, 2:0 эсебинде утулуп калды.
Ошондой эле бүгүн Америка Кошмо Штаттарынын улакчылары менен Красноярск шаары беттешти. Бул оюн Орусиядан келген улакчылардын ири эсепте жеңиши менен аяктады. Америкалыктардын үч улагына Красноярск 18 гол менен жооп берди.
Көкбөрүнүн тайпалык оюндары эртең уланат. Анда Казакстан АКШ жана Красноярск шаары менен ойносо, Франция - Өзбекстан, Кыргызстан - Алтай менен ойнойт. (SDz)