"Эркин Европа/Азаттык" радиосу украин кызматынын журналисти, "Схеми" иликтөө программасынын башкы редактору Наталья Седлецконун акыркы 17 айдагы телефон сүйлөшүүлөрүн, СМС билдирүүлөрүн жана барган жерлери тууралуу маалыматтарды алууга Башкы прокуратурага уруксат берген сот чечимине кабатыр.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун маалымат катчысы Жоанна Левисондун айтымында, "бул чечим аша кеткендик, эл аралык стандарттарды одоно бузгандык жана Украинанын сөз эркиндигин коргоо боюнча милдеттемелерине жооп бербейт".
- Бул чечим украин журналисттери үчүн жагымсыз жагдайды түзөт жана ал жокко чыгарылышы керек. Жогорку кызмат адамдарынын коррупциялык иштерин ашкерелеген белгилүү журналисттин телефондогу узак мөөнөттү камтыган сүйлөшүүлөрүн берүүнү талап кылуу маалыматты издегендердин чыныгы ниетинен күмөн жаратат, – деди Жоанна Левисон.
27-августта Киевдин Печер райондук соту интернет провайдерлерди "Азаттыктын" украин кызматынын "Схеми" журналисттик иликтөө программасынын жетекчисинин телефондук маалыматтарын Башкы прокуратурага берүүгө милдеттендирген.
"Схеми" телепрограммаларында украин аткаминерлери, анын ичинде Башкы прокуратуранын ишмердиги тууралуу бир катар иликтөөлөр жарыяланган.
Наталья Седлецко башка журналисттер менен бирге Улуттук антикоррупциялык бюронун башчысы Артем Сытниковдун мамлекеттик сырды жана сотко чейинки маалыматтарды ачыкка чыгаруу ишинде күбө катары өтүп жатат.