АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана АКШ куралдуу күчтөрүндөгү штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрөгасы, генерал Жозеф Данфорд Пакистанга бүгүн, 5-сентябрда барганы жатат.
Пакистандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин сапар учурунда Вашингтондун Пакистанга 300 миллион долларлык аскерий төлөмдү кыскартуу чечими талкуулана турганын билдирген.
АКШ Пакистанга анын согушкерлерге каршы аракетинде жылыш жоктугунан улам 300 миллион долларлык жардамды кыскартарын 1-сентябрда жарыялаган.