Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Аялдар оор кырдаал учурундагы лидерлик сырларын үйрөнөт


Ирина Хакамада.
Ирина Хакамада.

Бишкекте “Оош-кыйыш мезгилдеги лидерлик” темасында тренинг өтөт. Ага орусиялык журналист, саясатчы жана публицист Ирина Хакамада чакырылды.

7-сентябрга белгиленип жаткан иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, Хакамада каалоодон башка мүмкүнчүлүгү жок деле чоң ийгиликтерге жетишүүгө болорун өзүнүн мисалы аркылуу көрсөтүп берет.

Өткөн жылдары Бишкекке бизнес боюнча дүйнөлүк эксперт Брайан Трэйси, лидерлик боюнча Майкл Кули, орусиялык тележылдыз Ксения Собчак келип, ийгиликке жетишүүнүн сырларын үйрөтүп кетишкен. Мындай тренингдерге кирүү акысы 1000 долларга чейин жетет.

XS
SM
MD
LG