Июлда Англиянын Эймсбери шаарында ууланган Дон Стержес нервди шал кылуучу “Новичок” деген заттан каза тапкан. Мындай тыянакка Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун адистери экспертизадан кийин келишти.
Ошол эле зат март айында Солсбериде мурдагы орусиялык агент Сергей Скрипал менен кызы Юлияны ууландыруу үчүн пайдаланган. Лондон СССРдин тушунда чыгарылган “Новичок” менен кол салууну Москва уюштурган деп ырастап келет. Орусия бул ишке тиешеси жоктугун айтууда.
Уюмдун эксперттери эки ирет Англияга барып анализдерди алып кетишкен. Британия бийлигинин өтүнүчү менен жыйынтыктар камтылган баяндама химиялык куралга тыюу салган эл аралык Конвенцияга кошулган мамлекеттерге берилмекчи. Буга чейин англиялык Портон-Даун лабораториясы да Солсбери жана Эймсбериде бирдей уулу зат колдонулган деген бүтүм чыгарган.
Британ полициясы эки шаардагы окуяны иликтөөнү улантууда. Эймсбериде маркум Дон Стержес менен кошо Чарли Роули да ууландырылып ооруканага түшкөн. Алар болжол менен уулу затты атыр деп колдонуп алышкан.