Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Депутат гимнди билбегени үчүн элден кечирим сурады (видео)


Пархат Тулендыбаев.
Пархат Тулендыбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев элден кечирим сурап, мындан ары ката кетирбөөгө убада берди.

Бүгүн парламенттин басма сөз кызматы анын атынан тараткан билдирүүдө “Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн башкы символдорунун бири болгон гимнди туура эмес аткарганым үчүн элден кечирим сурайм. Парламент депутаты катары мен үчүн бул жол берилгис көрүнүш. Мындан ары ушундай ката кетирбестен элибиз жана өлкөбүз үчүн эмгектенүүгө убада берем” деп айтылат.

4-сентябрда “Апрель” телеканалынын кабарчылары Жогорку Кеңештин депутаттарын кыдырып, Кыргызстандын гимнин аткарып берүүсүн суранган. Депутат Тулендыбаевдин жообу интернетте катуу талкууга жана сынга кабылган. (RK)

Депутат Пархат Туленбаев гимнди кайра ырдаган видеону Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу 5-сентябрда "Фейсбукка" чыгарды:

XS
SM
MD
LG