АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жаңы премьер-министр Имран Хан бийликке келгенден кийин Пакистан менен мамилелерди “жандандырууга” өбөлгө түзүлөт деп ишенерин билдирди.
Вашингтондун өкүлү Хан менен 5-сентябрда Исламабадда жолугушмакчы. Жаңы премьер АКШнын көп жылдардан берки сынчысы катары белгилүү. Помпеону Пакистан сапарында Биргелешкен штабдардын төрагасы генерал Жозеф Данфорд коштоп жүрөт.
АКШ Пакистан бийлиги Ооганстан менен чек арада жашырынган жоочуларга каршы жетиштүү чара көрбөй жатат деп аскердик жардамды кыскарткан. Вашингтон жана Кабул Исламабад ооган талибдери менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө көмөктөшпөйт, согушкерлерге башпаанек берүүдө деп айыпташууда. Пакистан өкмөтү муну четке какты.