Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Израил Ирандын Сириядагы аскердик объекттерин жок кылууга аракеттенет


Авигдор Либерман
Авигдор Либерман

Израил Ирандын Сирия аймагындагы бардык аскердик объекттерин жок кылууга аракеттенет. Мындай билдирүүнү шаршембиде Израилдин коргоо министри Авигдор Либерман “Настоящее время” телеканалына интервью берип жатып жасады. Ирандагы “аятоллалар Израилди талкалоо жөнүндө дээрлик күнүгө айтышканын” эске салган министр анын өлкөсү Сириянын "Тегерандын форпостуна айлануусуна жол бербейт" деди.

Израил бийлиги Иран Сирияда базалар камтылган туруктуу аскердик комплекс орнотууну көздөйт деп шектенет. Тегеран бул дооматтарды четке кагууда.

Бир күн мурун израилдик авиация Сириянын түндүгүндө өкмөттүк аскерлер жайгашкан жерлерге сокку урган. Ал райондо Ирандын базасы жайгашкан. 2-сентябрга караган түнү Дамасктын жака белинде жардыруулар болгону маалымдалган. Кээ бир маалымат каражаттары Израилдин аба күчтөрү ирандык объекттерге сокку урушканын жазышты.

Бул кабарлар Сирия армиясы Иран жана Орусиянын жардамы менен Идлиб аймагын козголоңчулардан кайтаруу операциясына даярданып жаткан маалда тарап жатат. Батыш жана Улуттар уюму үч миллиондой киши жашаган провинциядагы салгылашуулар гуманитардык катастрофага алып келет деп эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG