Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын алтын медалын алышы мүмкүн


Орхон Пуревдорж жана Айсулуу Тыныбекованын алтын үчүн күрөшү. 20-август, 2018-жыл. Индонезия.
Орхон Пуревдорж жана Айсулуу Тыныбекованын алтын үчүн күрөшү. 20-август, 2018-жыл. Индонезия.

Индонезияда өткөн Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө 62 килограммга чейинки салмакта биринчи орунду алган монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж "кызытма колдонгон" деген негизде алтын медалдан ажыратылды.

Азия Олимпиада кеңеши анын анализинде "станозолол" препараты табылганын кабарлады.

Эрежеге ылайык, эми алтын медал бул беттеште экинчи орунду алган кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбековага берилиши керек.

Азия оюндары быйыл 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өткөн. 20-августта Айсулуу Тыныбекова алтын медал үчүн монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж менен күч сынашып, 11:0 эсебинде утулуп калган. Натыйжада ал күмүш медал алган. (KKu)

XS
SM
MD
LG