"Кылым шамы" укук коргоо кыймылынын жетекчиси Азиза Абдирасулова билдиргендей, бүгүн Бишкектеги жараян жабык болот.
Ишти Ленин райондук соту карайт. 18 жаштагы кызды быйыл 10-июнда Ак-Ордо конушунан Нарын облусунун Жумгал районуна алып качышкан. Жакындары ал мажбурлап никеге тургузгусу келген жаран тарабынан зордукталганын, ооруканада дарыланып чыкканын билдиришкен.
Милиция бул факты боюнча 155-берене ("Ала качуу") менен кылмыш ишин козгоп, 24 жаштагы жаран эки айга камалган.