Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Сот Улан Саляновдун өлүмү боюнча ишти кароого киришет


Улан Саляновдун өз үйүнөн 2017-жылы 6-ноябрда атып кетишкен.
Улан Саляновдун өз үйүнөн 2017-жылы 6-ноябрда атып кетишкен.

Киши колдуу болгон Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш ишти бүгүн, 6-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту карай баштайт. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын адвокаты Рабига Сыдыкова билдирди. Буга чейин тергөө аяктап, иш сотко өткөн.

Ички иштер министрлиги тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат бере элек. Кылмышка шектүү катары үч жарандын аты аталууда. Алардын экөө кармалып, бирине издөө жарыяланган.

Парламенттин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын бир тууган иниси, 42 жаштагы Улан Саляновду былтыр 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнөн атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы окуяны Аида Салянованын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, аны иликтөөнү талап кылышкан. Милиция кылмышта эч кандай саясий мотив жоктугун жана ал карактоо максатында болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG