Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Швед прокурору Гүлнара Каримовага пара берилгени ырасталганын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Стокгольм сотунда 5-сентябрда, Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовага ири өлчөмдө пара берген деп айыпталып жаткан "Telia" (мурдагы TeliaSonera) телекоммуникациялык компаниясынын экс-жетекчилеринин иши боюнча соттук жараян уланды. Анда Өзбекстан базарына кирүү үчүн кимге канча өлчөмдө пара берилгени тууралуу маалыматтар айтылды.

Прокурор Гуннар Стетлер 2007-2010-жылдар аралыгында "Telia Sonera" компаниясынын жетекчилиги Гүлнара Каримовага жалпысынан 400 миллион доллар пара бергенин билдирди. Буга айыпталуучулардын өз ара каттары, акча которуу жана Швейцарияда Гүлнара Каримовага таандык банк кутучасынан табылган документтерди негиз келтирди.

Прокурордун айтымында, "TeliaSonera" Өзбекстандын мобилдүү байланыш базарына 2007-жылы февралда америкалык "MCT Telecom" компаниясынын акцияларын сатып алуу аркылуу кирүүгө аракет жасаган. "Telia" компаниясынын жетекчилеринин каттарында “жогору жак бата бербесе, бизнес жүргүзүү мүмкүн эмес" деген билдирүүлөр жазылганы, "MCT Telecom" компаниясынын акцияларын алуу үчүн Өзбекстандын маалымат технологиялар агенттигинин директоруна пара берүү зарылдыгы белгиленген.

Мен пара берүү фактысын далилдей алдым жана пара алган киши Гүлнара Каримова экенинен шегим жок. Калганын сот чечиши керек, – деди прокурор Гуннар Стетлер.

Стокгольмдо Өзбекстандын мурдагы президентинин тун кызы Гүлнара Каримовага ири өлчөмдө пара берүү боюнча сот иши 4-сентябрда башталган. Бул иш боюнча аталган компаниянын мурдагы аткаруучу директору Ларс Нюберг, мурдагы каржы директору жана вице-президенти Теро Кивисаари, ошондой эле анын мурдагы башкы кеңешчиси Ули Туима айыпталууда.

Териштирүү 5-6 айга созулат. 11-14-декабрда Стокгольм сотунда прокурорлор менен адвокаттардын акыркы сөздөрү айтылып, өкүм 2019-жылдын январь-февраль айларында чыгаары күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG