Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:16

Көчмөндөр оюндарында жол коопсуздугун сактоого жер-жерден 700 милиционер тартылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдө өтүп жаткан Көчмөндөр оюндарында жол коопсуздугун көзөмөлдөөгө республиканын ар кайсы аймактарынан 700дөн ашуун жол кайгуул кызматкери тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунда күнү-түнү иштөөчү 9 көзөмөл бекети ачылган.

Жалпысынан Көчмөндөр оюндарында коопсуздукту камсыз кылууга 2 миң милиционер тартылды.

2-сентябрда башталган Көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 66 өлкөсүнөн жана Орусия Федерациясынын 11 субъектисинен келген өкүлдөр катышууда. Оюндар 8-сентябрда жыйынтыкталат. (RK)

XS
SM
MD
LG