Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Аткаминерлердин декларациясы тууралуу элдин пикири сурамжыланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Атайын сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын көбү жогорку кызматтагылардын мүлкү тууралуу декларацияны толтуруунун азыркы ыкмасына макул эмес. Мындай тыянак “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” уюму тараткан маалыматта келтирилди.

Уюм мамлекеттик кызматкерлердин мүлкү, кирешеси жана чыгашалары боюнча маалыматтарды жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүү демилгесине элдин мамилесин изилдеп көрдү.

Сурамжылоо жети облустун баарында, Бишкекте жана Ошто жашаган тургундардын арасында телефон аркылуу кыргыз жана орус тилдеринде 13-17-августта жүргүзүлдү.

Респонденттердин 78% жогорку кызматты ээлеген аткаминерлердин толтурган декларациясы алардын чыныгы байлыгына дал келбей турганын айтышты. 25% президент, Жогорку Кеңештин депутаттары, премьер-министр жана анын орун басарларынын декларациясы сөзсүз ачык жарыяланышы керек деп эсептешет.

Айлыгы аз мамлекеттик кызматта иштеп, бирок байлыгы ачык да, көмүскө да айтылып жүргөн көптөгөн аткаминерлердин декларациясында анын баары жазылбай турганы көптөн бери коомчулук арасында сынга алынып келе жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG