Өмүрбек Текебаев онкологдордун операция жасоо тууралуу сунушуна “ооба” же “жок” деген жообун айта элек. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.
- Бүгүнкү күндө Өмүрбек Чиркешовичте “мен азыр барып операция жасатам” деген да, “жасатпайм” деген да жооп боло элек. Бир жыл бою анын ден соолугун күчтүү медикаменттер менен кармап турушту. Дарыланып алгандан кийин ахыбалына жараша бир чечимге келет болуш керек.
Жактоочунун айтымында, 2015-жылы Кыргызстанда Текебаевге «калкан бези жакта шишик бар, аны алдырыш керек” деген диагноз коюлган. Кийин шишик бар экени Түркиядан да тастыкталып, бирок кооптуу эместиги, жарым жыл сайын текшертип туруу керек экени айтылган.
2016-жылы камакка алынгандан бери онкологдорго көрүнө албаган саясатчы өткөн айда гана Улуттук онкология борборунда текшерилди. Жергиликтүү дарыгерлер мурдагы диагнозун жана "операция жасатып, шишикти алдыруу керек" деген сунушун кайталап, бирок шишик залалдуубу же айыгып кете турганбы, айта алышкан жок.
"Коррупция" деген айып менен 2017-жылы сегиз жылга эркинен ажыратылган саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев №47 абактан Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборуна быйыл 31-июлда которулган. Учурда ал оорукананын неврология бөлүмүндө дарыланып жатат. Саясатчы өзү жана тарапкерлери ал буга чейинки бийликтин саясий куугунтугунун курмандыгы болгонун айтууда. (RK)