Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:44

Скрипалдарды ууландыруу ишин БУУнун Коопсуздук кеңеши карайт


БУУнун Коопсуздук кеңеши.
БУУнун Коопсуздук кеңеши.

Лондондун талабы боюнча 6-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын ууланышындагы жаңы жагдайларга байланыштуу жыйынга чогулат.

Улуу Британия бул иш боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогулууга 5-сентябрда чакырган. Анын алдында Лондон Солсберидеги ууланууну уюштурду делген эки орусиялыктын атын атап, сүрөтүн жарыялаган. Британ премьер-министри Тереза Мэй парламентте алар Орусиянын чалгын кызматкерлери болушкан деп билдирген.

Ал эми коопсуздук министри Бен Уоллес Скрипалдарды ууландырууда жоопкерчилик орус президенти Владимир Путиндин мойнунда деп эсептейт. Бул тууралуу ал 6-сентябрда айтты. Министрдин маалымдашынча, анткени "ГРУну Путин өзү көзөмөлдөйт, каржылайт жана багыттайт".

Орусиялык мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия быйыл 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында "Новичок" деген нервди шал кылуучу зат менен ууланганы айтылган. Алар ооруканада жатып, дарыланып чыгышкан. Скрипалдардан тышкары июнь айында Эймсбери шаарында дагы эки британ жараны ууланып, бири каза болгон.

“Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун” (ОЗХО) эксперттери экөөндө тең аларды “Новичок” буттан чалганын 4-сентябрда ырасташты.

XS
SM
MD
LG