Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Москвада ондогон кыргыз жараны кармалып, кайра коё берилди


Москва. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва. Иллюстрациялык сүрөт.

Москванын тартип коргоо органдары 30га жакын кыргыз жаранын кармап кеткенине байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аларга укуктук жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери кыргыз жарандары кармалып турган жайга барып, сүйлөшүү жүргүздү. Натыйжада 9 адамга миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн айыппул салынып, калганы кое берилди.

Элчилик ар бир жаран Орусиянын аймагында каттоого өзү туруп, документтерин өз колу менен тапшыруусу керек экенин эскертүүдө. Бул өлкөдө, бейрасмий маалыматка караганда, миллионго жакын кыргыз мигранты жашайт. Алардын арасында каттоого туруу үчүн ортомчуларга акча берип, алданып калгандары да бар экени белгилүү. (RK)

XS
SM
MD
LG