Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Жапониядагы жер титирөөдөн ондогон адам дайынсыз болууда


Хоккайдо аралында кубаттуу зилзала болду.
Хоккайдо аралында кубаттуу зилзала болду.

Жэби тайфунуна удаа Жапония экинчи табият апаатына туш болду. Хоккайдо аралындагы кубаттуу жер титирөөдө өлгөндөр ушул мүнөттөрдө жети кишиге жеткени кабарланууда. Ондогон адамдын өлүү-тирүүсү белгисиз. Жаракат алгандар жүздөн ашык.

Очогунда 6,7 баллга жеткен жер титирөө бейшембиге оогон түнү катталган. Абира, Ацуми шаарларынан тартылган видеодон жерден жарака кетип, жер көчкү жүрүп үйлөрдү басып калганын, жарым жартылай ураган имараттар көрүнөт. Издөө-куткаруу иштерине 25 миңдей адам тартылды. Үч миллиондой киши жашаган аралда жарык өчтү. Электр жабдуулары кеминде бир жумада гана толук калыбына келтирилери айтылды.

XS
SM
MD
LG