Талкуу бүгүн, 7-сентябрда бул долбоорду иштеп чыккан өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматтын ("Кыргызпатент") имаратында болот.
Документ "Ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишмердүүлүктү колдоо эрежеси" деп аталат. Анда каржыдан каржалып, өз эмгектерин жүзөгө ашырууда ресурс таппай жүргөндөр колдоого алынаары айтылып, анын жол-жоболору жазылган.
Расмий маалыматка караганда, 2013-2017-жылдарда ойлоп табуучулук боюнча 497 патент берилген. Миңден ашык автордук укук каттоого алынган.
2016-жылы Интеллектуалдык менчик жана инновация боюнча мамлекеттик кызматтын ишмердүүлүгүндө 11 коррупциялык жол жана 17 коррупциялык тобокелчилик бар экенин Коргоо кеңеши аныктап чыккан. Айрыкча автордук укук тууралуу күбөлүк берүү, маданий-көңүл ачуучу мекемелердеги автордук сыйакы, патент алуу, ойлоп табуучуларга каржылык колдоо көрсөтүү жана мыйзамсыз продукцияны көзөмөлгө алуу иштери коррупциялык аракеттер менен коштолот деген тыянак чыккан. (NT)